"Ош базарындагы" соодагерлер жаңы базарга августтун башында көчүрүлүшү мүмкүн (видео)
"Ош базарынын" соодагерлери жаңы курулган имаратка 1-августка чейин көчүшү болжолдонууда. Мындай билдирүүсүн бүгүн, 4-февралда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев соодагерлер менен болгон жолугушууда билдирди.
Туманбаев имарат толук бүтүп, коомдук транспорттордун каттамдары ачылып, шарттар түзүлгөндөн кийин гана соодаргерлерди жылдыруу ниеттелип жатканын айтты.
"Кудай буйруса, 1-августка чейин бүтүрүп, автобустар жүрүп, бүт дайын болгондо гана көчүрөбүз. Жарым-жартылай бүтсө (ред.: соодагерлерге) эч ким тийбейт. Биз сиздерге дагы келип айтабыз", - деди Туманбаев.
Эскерте кетсек, шаардын чет жагына курулуп жаткан жаңы "Ош базарындагы" иштер 70 пайызга аяктаганы белгилүү болду. Ал эми соода комплексинде коммерциялык жайларды сатууга ушул айдын аягында старт берилет.
"Ош базарындагы" соодагерлер жаңы базарга августтун башында көчүрүлүшү мүмкүн
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















