Айдоочулукка окутуу маселеси: Парламентте президенттин сынына жооп айтылды
Бүгүн, 4-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын арасында айдоочулукка окутууда жүргүзүлүп жаткан реформаны сынга алганы да болду, аны колдогондору да болду.
Алгач отурум башталганда "Мекенчил" депутаттык тобунун лидери Кундузбек Сулайманов борбордук трибунадан 10 мүнөт убакыт алып, айдоочулук күбөлүк боюнча эл өкүлдөрү көтөргөн маселе элдин үнү экенин айтып, аткаруу бийлигин муну популизм катары кабыл албоого чакырды.
Биз айткан нерселерден аткаруу бийлиги жыйынтык чыгарышы керек. Биздин ар бир айткан сөзүбүздү популист катары кабыл алсак, анда кандай болот? 10 ай окутуу көп деп айткам. Мен муну менен элдин айтканын айтып жатам", - деди Сулайманов.
Эл өкүлү айдоочулукка окутуу боюнча түзүлүп жаткан системди коомдук талкууга чыгаруу керектигин белгилеп, жарандардын каалоосуна карабастан 10 ай окутуу туура эмес деген пикирин билдирди.
"Ар бирибиз миңдеген шайлоочуларыбыздын сөзүн айтып жатабыз. Мен аткаруу бийлигине каршы чыгып жаткан жокмун. Биз сунуш гана айтуудабыз. "Керегем сага айтам, келиним сен ук" деп жатабыз. Элдин нааразычылыгын көбөйтпөгүлө...
Бир да депутат аткаруу бийлигин "акмаксыңар, элди ойлобогон бийлик болдуңар" деген жокпуз. Иштеген жерде кемчиликтер болот. Ошол кемчиликтерди түздөп коёлу деген гана тариз", - деген эл өкүлү өкмөттүк саатты тезирээк өткөрүүнү сунуштады.
Сулаймановдун пикирине кошулган парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бийлик бутактарынын ортосунда сый болушу керектигин белгиледи. Ал аткаруу бийлигин депутаттардын сүйлөгөн сөзүн сындабай, туура кабыл алууга үндөдү.
Ал эми эл өкүлү Марлен Маматалиев кесиптештерин жана коомчулукту айдоочулукка окутууда жүргүзүлүп жаткан реформаны саясатташтырбоого чакырды.
"Анан аткаруу бийлигинин башында Конституция боюнча президент турат. Аткаруу бийлиги дегенде баш мыйзам боюнча ал жерде Камчыбек Кыдыршаевич (ред.: УКМКнын төрагасы) турат. Анан эмне экөө жасап жаткан иштерди жаман деп айта алабызбы? Же алар кылып жаткан нерселер кээде башкача көрүнгөнү менен аягы жаман бүтүп жатабы? Келиңиздер ишенели, аягына чейин чыдайлы, көрөлү. Эми мөөнөтү боюнча маселе чечиле эле турган нерсе", - деди Маматалиев.
Депутат Улукбек Узакбаев аталган реформаны колдоо керектигин белгилеп, бийликке мүмкүнчүлүк берүү керек деген пикирин айтты.
Парламенттик жыйындан бир күн мурун президент Садыр Жапаров "Унаа" мекемесинде айдоочулукка окутуу боюнча жасалып жаткан реформага түшүндүрмө берип, депутаттарды популизмден алыс болууга чакырган.
Жогорку Кеңеш
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















