Депутат сүт акыны мыйзамдаштырууну сунуштады (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кыздар турмушка чыкканда берилген сүт акыны мыйзамдаштырууну сунуштады. Эл өкүлү мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүн, 4-февралдагы жыйынында айтты.
Жыйында “Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан.
Эл өкүлү алимент боюнча жарандардан кайрылуулар көп түшүп жатканын билдирип, ажырашуу учурунда көпчүлүк аялдар баласы менен каражатсыз каларын, эркектер алимент төлөбөй жаткан учурлар бар экенин белгиледи.
"Кыргыздар эки жаш баш кошкондо эне сүтүнүн акысын (ред.: кызды күйөөгө узатарда аткарылуучу жөрөлгө. Күйөө тарап кызды алып кетерде кыздын энесине сүт акы катары мал (уй берилчү) төлөйт. Ушуну легалдаштырбайлыбы? Банктык эсепке салынсын жана ал депозит катары кала берсин", - деди депутат.
Депутат
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















