super.kg logo

Илон Маск байлыгы 800 миллиард доллардан ашкан тарыхтагы биринчи адам болду

 

Илон Маск тарыхта биринчи жолу байлыгы 800 миллиард доллардан ашкан адам болду. Бул тууралуу Forbes Real-Time Billionaires глобалдык рейтингинде айтылды. Азыркы тапта Масктын байлыгы 852,5 миллиард доллар деп бааланууда.

Мындай өсүшкө SpaceX менен xAI компанияларынын биригиши себеп болду. Бириккен компаниянын жалпы баасы 1,25 триллион доллар деп бааланды. Forbes Масктын бул компаниядагы үлүшүн 43 пайыз деп эсептеп, анын баасын 542 миллиард доллар деп көрсөткөн.

Мындан тышкары Маск Tesla компаниясынын 12 пайыз акциясына ээ, анын наркы 178 миллиард доллар. Ошондой эле Tesla акцияларына байланыштуу 124 миллиарддык опциондор пакети бар. Айрым шарттар аткарылса, келечекте анын кирешеси дагы 1 триллион долларга чейин өсүшү мүмкүн.

Forbes маалыматына караганда, Маск азыр рейтингдеги экинчи орундагы адам - Google’дун негиздөөчүсү Ларри Пейджден 575 миллиард долларга бай. Ошентип, Маск дүйнөдөгү биринчи триллионер болууга абдан жакын.

Ал эми 2026-жылдын июнь айында Маск SpaceX компаниясын биржага чыгарууну пландап жатат. IPO учурунда компания 50 миллиард долларга чейин каражат тартууну, ал эми жалпы баасын 1,5 триллион доллар деп баалоону көздөөдө. Эгер бул ишке ашса, тарыхтагы эң ири IPO болуп калышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: