super.kg logo

Бишкекте тоноо фактысы боюнча 18 жаштагы шектүү кармалды

 

Бишкек шаарында тоноо фактысы боюнча 18 жаштагы шектүү кармалды. Бул тууралуу 4-февралда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 8-декабрында К.Т. аттуу жаран досу жана эки кыз менен бирге Красная көчөсүндө жайгашкан мейманканадан бөлмө ижарага алышкан. Ошол учурда белгисиз адамдар кирип келип, аны сабап, iPhone 11 Pro үлгүсүндөгү баасы 18 миң сом болгон уюлдук телефонун, кол саатын тартып алышкан. Ошондой эле О!Деньги тиркемеси аркылуу 6 миң 700 сом акча каражатын которууга мажбурлашкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири 2007-жылы туулган Т.Д. аныкталды. Шектүү уурдалган уюлдук телефонду 10 миң сомго сатып, акчаны жеке муктаждыктарына жумшаган.

Учурда экинчи шектүүнү кармоо боюнча издөө иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: