Рим папасы Орусия менен АКШны мурда түзүлгөн келишимди узартууга чакырды
Рим папасы Лев XIV Орусия менен АКШны 5-февралда бүтө турган эки өлкө ортосундагы стратегиялык куралдарды кыскартуу келишимин узартууга чакырды.
"Мен сиздерди бул документтин күчүн жоготушуна жол бербөөгө шашылыш чакырам", - деп жазышты чет элдик басылмалар Рим папасынын сөзүн.
Ал азыркы кырдаалда жаңы куралдануу жарышынын алдын алуу үчүн бардык күч-аракетти жумшоо керектигин кошумчалаган.
Өткөн жылдын 22-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин келишимдин мөөнөтү 2026-жылдын 5-февралында бүтөрүн эскерткен. 2026-жылдын январь айынын башында АКШнын президенти Дональд Трамп эгерде келишимдин мөөнөтү бүтсө, АКШ Орусия менен жагымдуураак келишим түзөрүн билдирген. Ал Кытайдын да жаңы келишимге катышуусу керектигин айткан.
Белгилей кетсек, стратегиялык чабуулчу куралдарды кыскартуу келишимине 2002-жылдын 24-майында Москвада АКШ менен Орусиянын ортосунда кол коюлган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















