super.kg logo

Путин: Орусия менен Кытайдын мамилеси дайыма жаздай

 

Бүгүн, 4-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Кытай Эл Республикасынын президенти Си Цзиньпин менен видеоконференция учурунда Орусия менен Кытайдын мамилеси үчүн жылдын каалаган мезгили - жаздай деп билдирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Орусия президенти Кытай тарап менен ар тараптуу өнөктөштүктү жана стратегиялык карым-катнашты "үлгүлүү" деп атады. рус-кытай тандеми дүйнөдө күчөгөн турбуленттүүлүк шартында маанилүү турукташтыруучу фактор бойдон калууда", - деп билдирди. Ошондой эле Кытай кесиптешине өлкөлөр ортосунда визасыз режим киргизгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Буга жооп катары КЭР башчысы Кытай менен Орусиянын соода жана маданий-гуманитардык байланыштарынын динамикалуу өнүгүүсүн белгилеп, аларды мындан ары бекемдөө үчүн тарыхый мүмкүнчүлүктөн пайдалануу, ири державалардын жоопкерчилигин бирге көтөрүү зарылдыгын билдирди. "Биз дүйнөлүк антифашисттик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын салтанаттуу түрдө белгиледик. Бул экинчи дүйнөлүк согуштун жана эл аралык адилеттүүлүктүн жыйынтыктарын коргоодо биздин өлкөлөрдүн чечкиндүүлүгүн көрсөтөт", - деп жыйынтыктады.

Эске салсак, 2025-жылы Путин Кытайга 31-августтан 3-сентябрга чейин мамлекеттик визит менен барган. Ал Си Цзиньпин менен жолугуп, Пекиндеги аскердик парадга катышкан. Кремль Владимир Путин менен Си Цзиньпин дайыма байланышта экенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: