Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет
Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертип, жарандарды сак болууга чакырды.Мекеме тараткан билдирүүгө ылайык, белгисиз адамдар мамлекеттин колдоосунда жеңилдетилген шарттарда насыя алууга жарандарга көмөк көрсөтүү жөнүндө жарнаманы Telegram месенжери аркылуу таратышууда.
"Ишенимге кирүү үчүн алдамчылар Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди көрсөтүшүп, Telegram месенжеринде кредит алган кардарлардын ыраазычылыгы деп жалган билдирүүлөрдү мисал катары келтирүүдө. Андан кийин алдамчылар ар кандай шылтоо менен (камсыздандыруу, комиссия ж.б.) жарандардан акча которууну суранып, жасалма насыялык келишимди жөнөтүшүп жатышат.
Ушуга байланыштуу Улуттук банк – бул кезектеги алдамчылык схема экендигин эскертет. Мындай билдирүүлөргө ишенбеңиз жана эч убакта бейтааныш адамдарга акча которбоңуз! Эгерде күмөн санасаңыз, маалыматты расмий булактардан текшериңиз", - деп билдирди мекемеден.
Эскерте кетсек, Улуттук банк жарандарга телефон чалбайт, кызматкерлердин күбөлүгүн жана башка расмий документтерди мессенджерлер аркылуу жөнөтпөйт, акча которууну суранбайт, ошондой эле жеке адамдарды тейлебейт, эсеп ачпайт жана калкка насыя бербейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















