"Ала-Тоо" аянтында балдар үчүн муз үстүндөгү майрам уюштурулду
Бүгүн, 4-февраль күнү "Ала-Тоо" аянтында шаар тургундары үчүн уюштурулган муз үстүндөгү майрам уланды.
Мэриядан билдиришкендей, иш-чаранын алкагында турмуштук оор кырдаалда турган Биринчи Май районунун 100 баласына жылуу, майрамдык жана достук маанайда эс алып, убакытты кызыктуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Муз үстүндө коньки тебүү иш-чарасы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан "Северное сияние" командасы менен биргеликте уюштурулду. Ошондой эле катышуучулар үчүн Биринчи Май райондук администрациясы тарабынан ысык тамак уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты балдардын ден соолугун чыңдоо, активдүү жана сергек жашоо образын калыптандыруу, өспүрүмдөрдү спортко тартуу, ошондой эле достукту жана ынтымакты бекемдөө болуп саналат.
Катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында иш-чара учурунда медициналык кызматкерлер, жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын өкүлдөрү жана педагогдор нөөмөттө болушту.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















