Улуттук опера жана балет театрында инклюзивдүү шарттар кеңейтилүүдө
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында майыптыгы бар жарандар үчүн жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган иштер жүргүзүлүүдө.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, театрдын имаратынын кире беришине орнотулган пандус кыймылы чектелген адамдарга, анын ичинде майыптар коляскасында жүргөн жарандарга маданий иш-чараларга тоскоолдуксуз катышууга шарт түзөт. Ошондой эле имараттын ички бөлүктөрүндө көрүүчүлөрдүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүн камсыздоо үчүн зарыл болгон шарттар каралган.
Бул чаралар маданият тармагында инклюзивдүү чөйрөнү калыптандырууга, бардык жарандардын маданий баалуулуктарга тең укукта жетүүсүн камсыздоого багытталган.
Өлкөнүн башкы маданий мекемелеринин бири болгон Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры маданиятка жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча иштерди мындан ары да улантат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















