Кыргызстандын айымдар курама командасы волейбол боюнча Азия кубогуна алгач ирет катышат
Азия волейбол конфедерациясы (AVC) 2026-жылдагы Азия кубогуна катыша турган командалардын толук тизмесин жарыялады.
Маалыматка ылайык, аялдар арасындагы мелдештер 6-14-июнь күндөрү Филиппиндерде өтүп, ага 12 команда катышат.
Кыргызстандын аялдар волейбол боюнча улуттук курама командасы 2025-жылы Ташкент шаарында өткөн Борбордук Азия волейбол ассоциациясынын (CAVA) Улуттар лигасында 3-орунду ээлеп, тарыхында алгач ирет Азия кубогуна жолдомо алган. Учурда кыргызстандык оюнчулар дүйнөлүк рейтингде 62-орунда, ал эми Азияда 10-орунда турат.
Азия кубогунун алкагында командалар алгач эки тайпага бөлүнөт. Ар бир тайпадан эң мыкты эки команда "Финал төрттүккө" чыгат. Калган командалар 5-12-орундар үчүн күч сынашат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















