super.kg logo

Адылбек Касымалиев БАЭдеги кыргыз өндүрүш ишканасы менен таанышты

 

4-февраль күнү министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарындагы “Epos Water Production LLC” заводуна барып, анын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты.

Маалыматка ылайык, завод кыргызстандык инвесторлор тарабынан ачылган жана суткасына 50 миң бөтөлкө ичүүчү суу чыгаруучу кубаттуулукка ээ. Өндүрүш заманбап технология линиялары жана көп баскычтуу суу тазалоочу системалар менен жабдылган, БАЭнин санитардык жана тамак-аш коопсуздугу стандарттарына жооп берет.

Касымалиев кыргызстандык компаниянын БАЭ рыногуна кирүүсү улуттук бизнесибиздин жетилгендигин жана продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көрсөтөрүн белгиледи. Ошондой эле сууну тазалоо тармагында кызматташтык жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: