Кытай электрондук унаалардагы жашыруун эшик туткаларына тыюу салууну көздөөдө
Кытай электромобилдерде электрондук же жашыруун эшик туткаларын колдонууга тыюу салган биринчи өлкө болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, бул чечим бир нече өлүм менен аяктаган кырсыктардан кийин кабыл алынды. Айрым учурларда систем иштен чыгып, эшиктер ачылбай калган.
Жаңы эрежелерге ылайык:
- Ар бир унаада ичинен да, сыртынан да механикалык эшик туткасы болушу шарт;
- Сыртта эшикти ачууга мүмкүнчүлүк берген оюк болушу керек;
- Ичинде эшикти кол менен кантип ачуу керектигин көрсөткөн белгилер болушу зарыл.
Бул талаптар 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Азыркы учурда бекитилген моделдерге туткаларды өзгөртүү үчүн 2 жыл мөөнөт берилет.
Жашыруун электрондук туткалар биринчи жолу 2012-жылы Tesla Model S унаасында колдонулган жана кийин Кытайдагы электромобилдердин 60 пайызына жайылды.
Маалымат булактары кошумчалагандай, АКШда жана Европада да Tesla унааларынын эшик туткалары боюнча текшерүүлөр жүрүп жатат. АКШда айрым учурларда балдар унаада камалып калып, ээлери терезени сындырууга аргасыз болгон учурлар да бар.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















