АКШ - Иран сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурады. Трамп Хаменеини коркутту
АКШ менен Ирандын пландалган сүйлөшүүлөрү ишке ашпай калды. АКШ Ирандын сүйлөшүүлөрдүн ордун жана форматтарын өзгөртүү талабын четке какты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Башында тараптар 6-февралда Стамбулда, Жакынкы Чыгыштагы башка өлкөлөр байкоочу катары катышкан форматта жолугушмак. Бирок Иран сүйлөшүүлөрдү Оманга көчүрүп, эки тараптуу форматта өткөрүүнү сунуштаган. Алар сүйлөшүү ядролук программа боюнча гана болушун каалаган.
АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын жогорку лидери Али Хаменеиге эскертүү берди.
"Эми ал тынчсызданышы керек болот",- деди АКШ лидери.
Трамп ошондой эле АКШ Ирандагы нааразычылык акцияларын колдогонун жана өлкөдө кырдаал курчуп кеткенин айтты.
Ак үй билдиргендей, эгер Иран баштапкы форматка кайтууга макул болсо, АКШ бул же кийинки жумада кайра сүйлөшүүгө даяр.
Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө төмөнкү маселелер каралмак:
- Ирандын ракета программасы;
- Өлкөгө таасир эткен тышкы күчтөр;
- Нааразычылык акцияларын күч менен басуу жана адам укуктары.
Буга чейин Иран президенти Масуд Пезешкиан АКШ менен ядролук программа боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого уруксат бергенин ирандык ММКлар жазышкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















