Японияда калың кардын айынан 30дан ашуун жаран каза тапты
Япониянын түндүгүндө жана Япон деңизинин жээгинде 20-январдан бери калың жааган кардын кесепетинен кеминде 38 адам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, 20-январдан бери Япониянын түндүк жана түндүк-батышында бир нече кар бороондору катталды.
Эң көп жоготуулар Ниигата (14 адам), Акита (7 киши) жана Ямагата (5 жаран) префектураларында катталган. Дагы төрт адам Хоккайдо менен Аомориде каза болгон. Бүгүнкү күнгө чейин 451 адам жаракат алган. Алардын ичинен 142си оор абалда экени айтылат маалыматта.
Буга чейин жогорудагы аймакта калың кардын кесепетинен кеминде 35 адам каза болгону маалымдалган. Алардын арасында карды тазалап жатып үйдүн чатырынан кулап түшкөндөр жана ашыкча күч келүүдөн каза болгон улгайган адамдар бар.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















