Агартуу министри Кендирбаева Сузактагы мектепке барды (видео)
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сузак районундагы №9 Мичурин атындагы мектепке барды.
Министр мектептин мугалимдер жамааты менен жолугуп, билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча ачык диалог өткөрдү. Ошондой эле Агартуу министрлиги тарабынан иштелип чыккан санариптик платформалардын колдонулушу жана “Алтын казык” ноутбуктары менен иш алып баруу процесси менен жеринде таанышты.
Жолугушууда Кендирбаева билим берүү тармагындагы алдыдагы пландарга токтолуп, өзгөчө басым кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө жасаларын белгиледи.
Министр Жалал-Абад облусу өлкөнүн өнөр жай потенциалы жогору аймактарынын бири экенин белгилеп, гидроресурстар, энергетика жана темир жол тармактары үчүн квалификациялуу адистерди даярдоо – бүгүнкү күндүн негизги талабы экенин баса белгиледи.
Агартуу министри Сузактагы мектепти текшерди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















