Ирандын ТИМ башчысы АКШ менен сүйлөшүү жума күнү болорун тастыктады
Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи АКШ тарап менен сүйлөшүү ушул жума күнү өтө турганын тастыктады. Бул тууралуу ТИМ башчысы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында кабарлаган.
Андагы маалыматка караганда, эки тараптуу жолугушуу жума күнү саат 10:00дө Омандын борбору Маскат шаарында өтөт.
"Сүйлөшүүлөрдүн жокко чыгарылганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Омандын уюштуруучулугуна ыраазычылык билдирем",- деп жазган Аракчи.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШ менен Ирандын пландалган сүйлөшүүлөрү Стамбулда болору айтылып, бирок Иран сүйлөшүүлөрдү Оманга көчүрүп, эки тараптуу форматта өткөрүүнү сунуштаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















