super.kg logo
  Саясат  

"Кайым айтышуулар болуп жатат". Спикер өкмөт башчы андан уруксат алып кеткенин айтты

 

Бүгүн, 5-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Курманкул Зулушев өкмөттүк саатка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин келбегенине кызыкты.

Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өкмөт башчы андан уруксат сураганын билдирди. Ал Касымалиев Дубайдагы эл аралык жыйында экенин тактап, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амагелдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү суроолорго жооп беришерин айтты.

Зулушев кийинкиде Касымалиевдин келиши керектигин белгилеп, тартип маселесинде сүйлөшүү болушу керектигин айтты.

"Өкмөт менен депутаттардын ортосунда кайым айтышуулар болуп жатат. Биздин депутаттык топтордун башчылары, тажрыйбалуу эл өкүлдөрү менен айтышуулар болуп жатат. Жыйындарга орун басарлары, бөлүм башчылары эле келип жатышат",- деди Зулушев.






Спикер өкмөт башчы андан уруксат алып кеткенин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: