Спикер кечээги сындардан кийин президент менен сүйлөшкөнүн билдирди
Бүгүн, 5-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кечээ кечинде президент Садыр Жапаров менен сүйлөшкөнүн билдирди.
Ал талкуу аткаруу бийлиги менен Жогорку Кеңештин ортосундагы пикир келишпөөчүлүк тууралуу болгонун тактады.
"Кечээ бул жерде айтылган сын-пикирлерден сөзсүз жыйынтык чыгат. Эң башкысы өлкөбүздө ынтымак болушу керек. Сөзсүз түрдө бийлик бутактары бири-бирибизди сыйлап, алдыга жылышыбыз керек",- деди Тургунбек уулу.
Спикер ошондой эле аткаруу бийлиги менен депутаттардын ортосундагы кайым айтышууларды мыйзам ченемдүү көрүнүш катары сыпаттады.
Айта кесек, парламенттин кечээги отурумунда өлкө башчынын айткан сынына жооп бергендер болгон.
Спикер кечээки сындардан кийин президент менен сүйлөшкөнүн билдирди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















