super.kg logo

Кыргызстан менен Египеттин ТИМдери видеоконференция өткөрдү

 

Кыргызстан менен Египеттин Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консулдук маселелер боюнча алгачкы консультациялар видеоконференция байланышы аркылуу өткөрүлдү. Бул тууралуу 5-февралда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын делегациясын Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулу, ал эми Египеттин делегациясын өлкөнүн тышкы иштер министринин консулдук маселелер боюнча жардамчысы Хаддад Эль Гохари жетектеди. Тараптар актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, эки тараптуу консулдук кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги тууралуу пикир алмашышты.

1963-жылдын 24-апрелинде Вена шаарында кабыл алынган Консулдук мамилелер жөнүндө конвенциясына ылайык, тараптардын өз ара аракеттенүү маселелерине, ошондой эле айрым багыттар боюнча келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өз убагында коргоону камсыз кылуу жана алардын эки өлкөнүн аймагында болушу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча тыгыз кызматташууга даярдыгын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: