Депутат Бишкек ЖЭБи газга качан өтөрүнө кызыкты (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Эсенаманова парламенттин 5-февралдагы жыйынында Бишкек жылуулук электр борбору жаратылыш газына качан өтөрүнө кызыкты.
Эл өкүлү "Бишкек ЖЭБди газга өткөрүү пландары барбы? Эгер газга өткөрүлсө, кызмат калкка жана коммуналдык обекттерге канча сомго көтөрүлөт?" деп өкмөт мүчөлөрүнө кайрылды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ЖЭБди жаратылыш газына өткөрүү боюнча пландар бар экенин, ал жакынкы жылдары ишке ашышы мүмкүндүгүн белгиледи.
"Коммуналдык обекттерге жана жарандарга тиешелүү өзүнүн тарифтери бар. ЖЭБ газга өтсө, коммерциялык тариф менен өтөт. Негизинен ал боюнча жакынкы жылдарга пландар бар. Бул боюнча "Газпром Кыргызстан" менен иштеп жатабыз. Бул бир-эки жылдын алкагында боло турган иштер",- деди Амангелдиев.
Депутат Бишкек ЖЭБ боюнча айтты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















