super.kg logo

Депутат ыш менен күрөшүүдө жашылдандырууга көңүл буруу керектигин билдирди (видео)

 

Бүгүн, 5-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев ыш маселеси менен күрөшүүдө жашылдандырууну жакшыртууну сунуштады.

Эл өкүлү жашылдандыруу үчүн жарандарга жер берүү мүмкүнчүлүгүн түзүүнү демилгеледи.

"Ыш менен күрөшүүдө биз ар дайым газдаштырууга, электр транспортун өнүктүрүүгө жана көмүр керектөөнү азайтууга көңүл буруп келебиз. Ал эми жашылдандырууга көңүл бурбайбыз. Жарандарга ижарага же бекер деле жер берсеңер, алар жашылдандырууга даяр. Мен өзүм дагы даярмын, демөөрчүлөрдү таап, 7 менен 12-кичирайондоруна сквер түзүп, жашылдандырып берүүгө. Ушуну карап чыксаңар",- деди эл өкүлү.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өкмөт эл өкүлүнүн демилгесин колдоого даяр экенин билдирди. Ошондой эле жашылдандырууга багытталган өкмөттүн токтомдорун ишке ашыруу боюнча жергиликтүү деңгээлде иштер жүрүп жатканын кошумчалады.






Депутат жарандарга шаарды жашылдандыруу үчүн жер берүүнү сунуш кылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: