super.kg logo
  Саясат  

Депутат Бишкектин ышына парламенттин токтому жардам берерин билдирди (видео)

 

Бүгүн, 5-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт өкүлдөрүнө депутат Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин токтомдорун колдонсо, Бишкектеги ыш маселеси чечилмектигин билдирди.

Эл өкүлү тийиштүү тескемеде жашоочуларды көгүлтүр от менен камсыздоого пайызсыз насыяларды берүү пункту бар экенин белгилеп өттү.

"Жогорку Кеңештин токтомдору менен иш алып барсаңыздар, бүгүнкү күндө ыш маселесин чечүүгө бир топ эле жардам бермек. Элде айтпасак да насыя көп. Алар насыя алып меш коюп, газ киргизе албайт. Пайызсыз насыяларды төлөйт. Карызды 2 жылга чейин бөлүп берип тургула. Газды төлөгөн сайын ошонунун үстүнө карызды кошуп койгула. Ушуга токтобосок болбойт. "Газпром" өз ишин кылып жатат, үйгө киргизип алганга элде акча жок. Сиздер банк аркылуу насыя алып, үстүнө дагы кошкула деп жатасыздар. Жарандардын моюнунда 2-3төн банк насыясы бар. Газ киргизүүдө да пайыз кошуп берсек, оордук болуп калат",- деди депутат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 3 пайыз менен көп жылдык насыя берилип жатканын айтып, көмүрдүн сапатына да көңүл бурулганын белгилеп өттү. Ал эми пайызсыз насыялар боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.






Депутат Дастан Жумабеков Бишкектин "смогуна" ЖКнын токтому жардам берерин билдирди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: