Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн 22-январда 29 тонна туз чачылды

Бишкек шаарынын көчөлөрүн кардан
тазалоо иши 22-январда саат 04:00дө башталды. Муну мэриянын маалымат кызматы
кабарлады. Карды тазалоо үчүн 20 кум чачуучу, 4 жүк жүктөөчү техника, 2 трактор
жана 14 автоунаа иштетилип жатат. Борбордук "Ала-Тоо" аянтын жана тротуарларды
тазалоого 5 кичи трактор бөлүндү.
Маалыматка таянсак, Ленин районунда
116, Свердлов районунда 124, Октябрь районунда 97, Биринчи Май районунда 176
жумушчу ишке чыкты.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

