super.kg logo
  Саясат  

"Өтө кымбат". Депутат Өмүрзаков батир ижара акысы боюнча маселе көтөрдү (видео)

 

Жогорку Кеңештин бүгүн, 5-февралдагы жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып, батир ижара акысы кымбат болуп жатканын айтты. Эл өкүлү мындан жаш үй-бөлөлөр, кирешеси төмөн жарандар кыйналып жатканын белгиледи.

"Биздин Кыргызстанда кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу ижара акысы өтө кымбат. Муну кантип жолго салса болот?",- деди депутат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев бул боюнча МИКтин алдында атайын программанын алкагында иштер жүргүзүлүп жатканын айтты.

"Бул боюнча биздин МИКтин алдында атайын программабыз бар. Ислам каржылоо принциптери менен үйлөрдү куруп, андан соң ижарага, кийин менчикке өтүп кеткен ыкмалар бар. Ижара аркылуу жеңилдетилген мүмкүнчүлүктөр менен үйдү жана батирди ижарага алууга да мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Азыркы учурда Ислам фонду менен 200 миллиондун алкагында сүйлөштүк. Азыр дагы 400 миллион бергенге макулдугун билдирди. Бул тууралуу иш жүргүзүп жатабыз",- деди биринчи орун басар.






Депутат батир ижарасы боюнча маселе көтөрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: