Бишкекте жол жээгинен 19 жаштагы кыздын денеси табылды
Бишкектин четиндеги айланма жолдун жээгинен 2006-жылы туулган кыздын денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 102 кызматына 4-февралда, саат 23:04 чамасында маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Биринчи Май районунун ыкчам тергөө тобу барып, зомбулуктун белгилери бар аялдын сөөгүн табышты.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү катары 2004-жылы туулган Н.А. аттуу жаран аныкталды. Милиция кызматкерлери анын үйүнө барганда, ал өзүнө-өзү кол салууга аракет кылып, бычак менен бир нече жолу өзүнө жаракат келтирген. Милиция кызматкерлери тарабынан өз убагында биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилди.
Учурда шектүү конвойдун коштоосунда ооруканада кармалууда.
Учурда соттук экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки иликтөө иштери жүрүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















