super.kg logo

АКШда эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз жараны кармалды 

 
АКШда Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин кызматкерлери АКШдагы Баңгизаттар менен күрөшүү департаменти менен биргеликте 47 жаштагы Ы.М. аттуу Кыргыз жаранын кармашкан. Ал 2023-жылдан бери алдамчылыкка шектелип, эл аралык издөөгө алынган.
"Шектүү мунайзаттарды сатуу менен алектенген уюмдардын биринде жетекчи кызматта иштеген А.Ч. аттуу жаран менен алдын ала сүйлөшүп алып, күйүүчү майды уурдоого катышкан. Анын натыйжасында 1536 тонна күйүүчү май уурдалып, 51 миллион 780 миң 387 сомдук зыян келтирилген",- деп билдирди ИИМ.
Министрлик АКШдан издөөдө жүргөн 8 жаран экстрадициялоо жол-жобосунан өтүп жатканын, алардын ичинен 3 жаран алынып келгенин кошумчалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: