super.kg logo

Жаратылыш министри Бишкектин абасы эң кир дегенге макул эместигин билдирди (видео)

 

Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын катарына кирбейт. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев билдирди.

Жыйында министр ыш маселеси менен күрөшүүдө алгылыктуу иштер жүрүп жатканын белгилеп өттү.

"Ыш менен күрөшүү үчүн алгылыктуу жумуштар жүрүп жатат. Кыргызгидрометтин байкоосунун негизинде, акыркы эки жылда Бишкектеги абанын сапаты жакшырган. Ыш маселеси дагы деле бар, бирок дүйнөдөгү эң кир шаарларга кирди дегенге кошулбайбыз. Бизде анчалык деңгээл жок. World Air Quality сайтындагы көрсөткүчтөргө күмөн болбош үчүн, Кыргызгидрометтеги байкоо системин жаңылап жатабыз. Мындай маалыматтар мамлекеттик тийиштүү органдардан гана маалымдалышы үчүн ал систем быйыл ишке кирет. Биз ошол жактан маалымат алууну сунуш кылабыз",- деди министр.







Жаратылыш министрлиги Бишкектин абасы эң кир дегенге макул эместигин билдирди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: