super.kg logo

Казакстандын белгилүү блогерлери камалганы турат. Себеби

 

Казакстандын Каржы мониторинги агенттиги блогерлер Ерболат Жанабылов жана Элмира Толегеновага карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштерин аяктады. Алар мыйзамсыз ишкердик жүргүзүүгө жана кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарын адалдаштырууга шектелип жаткандыгын казак басылмалары жазышууда.

Схема кандай иштеген?

Тергөө версиясына ылайык, Instagram’да 15 миллиондон ашуун катталуучусу бар жубайлар аудиториянын ишенимин пайдаланып, мыйзамсыз киреше табышкан. 2025-жылы алар онлайн-курстарды сатуу менен лотореялык схема уюштурушкан. Анда негизги кызыктыруучу фактору кымбат баалуу байгелердин ойнотулушу болгон.

Байге фонду кантип түзүлгөн

Байге фонду өз каражаттарынын эсебинен эмес, катышуучулардан онлайн-курстар үчүн төлөгөн акчаларынын эсебинен түзүлгөн.

Манипуляциялоо

Электрондук “бакыт барабанынын” параметрлери өзгөртүлгөнү аныкталган. 5 миң теңге утуп алуу мүмкүнчүлүгү жасалма түрдө жогорулатылып, ал эми кымбатыраак байгелерди утуп алуу ыктымалдыгы кескин азайтылган.

Агенттик билдиргендей, шектүүлөр коомчулукка репостту эң көп жасаган катышуучуга 11-унааны тапшырууну жарыялашкан. Бул катталуучулардын санын көбөйтүү үчүн жасалган. Бирок иш жүзүндө жеңүүчү аныкталган эмес жана байге берилген эмес.

Жанабыловдор канча акча тапкан

Каржы мониторинги агенттигинин маалыматына ылайык, "Zhana Business" ЖЧКсынын эсептерине жарандардан 247,5 миллион теңге түшкөн. Болжолдуу 42 миллион 75 миң сомду түзөт. Анын ичинен 60 миллион теңге депозиттик эсептерге жайгаштырылган.

Мүлктү камакка алуу жана бөгөт чарасы

Соттун санкциясы менен 10 унаага, анын ичинде Lamborghini Urus жана Lexus LX 600 унааларына, ошондой эле 17 даана iPhone телефону камакка алынды

Ерболат Жанабылов жана Элмира Толегеновага карата үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Азыркы учурда алар кылмыш ишинин материалдары менен таанышып жатышат.

Казакстандын Кылмыш-процесстик кодексинин 201-беренесине ылайык, башка маалыматтар ачыкка чыгарылбайт.

Эске салсак, 2025-жылдын 9-октябрында апелляциялык сот блогерлердин даттанууларын канааттандырган эмес. Бул алардын алгач административдик болгон иштерин кылмыш ишине кайра квалификациялоого жол ачкан.

Кийинчерээк агенттик блогерлерге карата кылмыш иши козголгонун тастыктап, аларга эки жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу бар экенин билдирди. Сот алардын оюнун "Алдамчылык" деп атады.

Жанабыловдор кимдер

Ерболат Жанабылов жана Элмира Толегенова Казакстандын эң популярдуу блогерлер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: