super.kg logo

Өкмөт тигүү тармагындагы көйгөйлөр толугу менен чечилгенин билдирди (видео)

 

Бүгүн, 5-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тигүү тармагындагы көйгөйлөр дээрлик чечилгенин билдирди.

Анын айтымында, учурда тигүү тармагында эмгектенген ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилүүдө.

"Экспортко чыккан товарларды сертификаттоо, кошумча салык төлөө маселеси жана акча айлантуу эң чоң көйгөйлүү маселелер эле. Ишкерлерде эгер бир партия чек арада туруп калса, экинчи буюртмага акча жетпей калуу көйгөйлөрү бар болчу. Булар боюнча иш алып барып, азыр жыйынтыгын көрүүдөбүз.

Тигүү тармагындагы ишкерлерге жеңилдетилген 6 пайыз менен насыя берүү каралган. Андан кийин президентибиз ишкерлер менен жолугуп, насыяны пайызсыз кылууну тапшырган. Азыр кырдаал жөнгө салынганга чейин тигүү тармагында иштеген ишкерлерге пайызсыз насыялар да берилет. Азыр чек арадан өтүү, сертификаттарды тариздөө, кошумча нарк сылыгын төлөө меселелери толугу менен чечилди. Учурда эч кандай тоскоолдуктар жок",- деди Амангелдиев.






Өкмөт тигүү тармагындагы көйгөйлөр толугу менен чечилгенин билдирди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: