super.kg logo
  Саясат  

Депутат Алиев: "Жашоо бар, жашаш керек..."

 

Бүгүн, 5-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев Бишкекте батир баасы кымбат экенин айтты.

Ал бул көйгөй катардагы жөнөкөй жарандардын жашоосуна кыйынчылык жаратып жатканын белгиледи.

"Азыр социалдык тармактарда "жашоо бар, жашаш керек" деген сөз тарап жатат. Бирок кантип жашайсың? Аябай кымбаттап кетти. Биз студент кезде, мындан 20 жыл мурун Орусияга иштегендер жарым жылда келип, Бишкектен батир алып коюшчу. Азыр мигранттар өмүр бою иштесе дагы үй ала алышпайт.

Кыргызстанда орто айлык алгандар үй алууга акча топтой алышпайт. 104-105-сериядагы батирлер 100 миң доллар болду. Стамбулда, Испанияда да мындай баалар жок. Москвага теңелип калды",- деди Алиев.

Эл өкүлү Монополияга каршы күрөшүү кызматын жок дегенде батир ижара акыларын көзөмөлгө алууга чакырды.






Депутат Алиев: "Жашоо бар жашаш керек"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: