Римде премьер-министр Мелони айымга окшош тартылган фреска талкууда
Римдеги базиликадагы фресканын үстүндө иштеп жаткан италиялык реставратор Бруно Валентинетти Италиянын премьер-министри Жоржия Мелониге абдан окшош болуп чыккан периштенин жүзүн тарткан.
Күтүлбөгөн окшоштукту биринчи болуп "La Repubblica" гезити байкап, калыбына келтирүүгө чейинки жана кийинки фресканын сүрөттөрүн жарыялаган. Басылма Италиянын картасын кармап турган периште мурда кадимки эле периште элесинде болгону белгиленген. "La Repubblica" гезитине берген комментарийинде Валентинетти аны калыбына келтирүү буюртмасын Ватикан бергенин билдирген.
Италиянын Маданият министрлиги Римдеги Лучина шаарындагы Сан-Лоренцо базиликасынын капелласындагы фресканы изилдөө үчүн адистерди жөнөткөн. Алар окшоштукту тастыкташкан.
Рим епархиясы окуяга нааразычылыгын билдирип, күнөөлүүлөрдү табууга убада берди. Ал эми Италиянын бийлиги иликтөө баштады.
Учурда бийлик баштапкы сүрөттү калыбына келтирүү үчүн чараларды көрүп жатканы айтылды. Ал эми сүрөтүн бети боёк менен жабылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















