"Уурунун арты кууш" деген ушубу? Бишкек милициясы шектүүнүн видеосун жарыялады
Бишкекте бир катар уурулук кылмыштарына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 31-январда Панфилов көчөсүндө токтоп турган BMW X5 үлгүсүндөгү унаанын анегин сындырып, ичинде 8 миң сом бар барсетканы уурдап, андан соң качып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Бишкек милициясы анын ушуга окшош башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталганын кошумчалады.
Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















