super.kg logo
  Саясат  

Министр Нипах вирусуна байланыштуу көрүлүп жаткан аракеттерди атады (видео)

 

Өлкөдө Нипах вирусуна байланыштуу алгоритм боюнча алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, бул боюнча коңшу өлкөлөр Өзбекстан, Казакстан менен алгоритм алмашуу жүргүзүлүп жатат.

"Учурда Индиядан өлкөгө келип жаткан студенттерди тосуп алып, текшерүүдөн өткөрүп жатабыз. Андан тышкары, президент өз фондунан акча каражатын бөлүп берди. Эл аралык статусу бар аэропортко тепловизор аппараты орнотулат. Азыр бул "Манас" аэропортунда гана бар. Эми Ош, Тамчы, Караколго жана башка аэропортторго коюуну пландап жатабыз. Абал толук көзөмөлдө",- деди министр.

Маалымат үчүн: Ушул жылдын 24-январында Индияда Нипах вирусунун очогу катталган. Буга удаа Саламаттык сактоо министрлиги эпидемияны алдын алуу иш-чараларын баштап, элге вирус тууралуу маалымат тараткан.

Нипах вирусу — генетикалык жактан Paramyxoviridae тукумуна кирген зооноздук вирустук инфекция болуп, ал оор респиратордук ооруларды жана мээнин сезгенишин (энцефалит) жаратышы мүмкүн.

Вирустун негизги табигый булагы - жарганаттар. Адамга жуктуруп алуу төмөнкү учурларда мүмкүн:

  • Инфекция бар жаныбарлар менен байланышта болгондо;
  • Жаныбарлардын биологиялык бөлүнмөлөрү менен булганган азык-түлүктөрдү колдонгондо;
  • Инфекция жуккан адам менен тыгыз байланышта болгондо.

Оорунун инкубациялык мезгили бир нече күндөн эки жумага чейин созулушу мүмкүн. Негизги белгилерине дене таптын жогорулашы, баш оору, жөтөл, дем алуунун кыйындашы, алсыздык кирет. Оор учурларда аң-сезимдин бузулушу жана тырышуулар байкалышы мүмкүн.









Министр Нипах вирусу боюнча айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: