super.kg logo

АКШ бийлиги иммиграция кызматкерлеринин айрымдарын Миннеаполистен чыгарып кетет

 

АКШнын федералдык бийлиги Миннеаполис шаарынан мыйзамсыз иммигранттарды издеп, кармоо үчүн жиберилген иммиграция жана чек ара кызматтарынын 700 кызматкерин чыгарып кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын башчысы Том Хоман билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, Миннесота штатындагы 2000ге жакын федералдык кызматкер калат.

Январь айында бул операцияга каршы нааразычылык акциясында Миннеаполисте федералдык агенттер АКШнын эки жаранын атып өлтүргөндөн кийин президент Дональд Трамптын администрациясы операцияны жетектеп турган Грег Бовинону кызматтан алып, анын ордуна Том Хоманды дайындаган.

Операцияга Иммиграция жана бажы көзөмөл кызматынын жана Бажы жана чек ара патрулдук кызматынын кызматкерлери катышууда. Хомандын айтымында, бул эки мекеменин тең кызматкерлери чыгарылат.

Хоман Миннесота штатынын губернатору, демократ Тим Уолздон штаттын тургундарына кайрылып, федералдык агенттерге тоскоол болбоого чакыруусун суранды.

Ал эми Уолз федералдык агенттер тарабынан атылып өлтүрүлгөн Рене Гуд жана Алекс Преттинин өлүмүнөн кийин штаттан бардык федералдык контингентти толугу менен чыгарып кетүүнү талап кылган.

Мындан бир күн мурун министр Кристи Ноэм Миннесотадагы бардык федералдык агенттерге денеге тагылуучу видеокамералар берилерин жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: