super.kg logo

Түркия 2025-жылы туризмде рекорддук көрсөткүчтөргө жетишти 

 

Түркия 2025-жылы туризм тармагында өз тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бирине жетишти. Стамбул шаарында өткөн маалымат жыйынында Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой 2025-жылдын жыйынтыктарын коомчулукка жарыялады.

Министрдин маалыматына ылайык, 2025-жылы Түркияга келген чет өлкөлүк туристтердин жалпы саны 64 миллион адамды түздү. Ошол эле учурда, туризм тармагынан түшкөн жалпы киреше 65 миллиард 231 миллион долларга жетип, тарыхый рекорд катары катталды.

Министр Эрсой өз сөзүндө Түркиянын туризм тармагы акыркы жылдары олуттуу өсүшкө жетишкенин белгилеп, 2026-жылга карата 68 миллиард долларлык киреше максаты коюлганын билдирди. Анын айтымында, Түркиядүйнөлүк туризм картасында өз позициясын бекемдеп, аймактык гана эмес, глобалдык деңгээлдеги алдыңкыөлкөлөрдүн катарына кирди.

Ошондой эле министр Түркиянын туризм саясатыдеңиз, кум жана күн форматынан чыгып, маданий жанадиний туризм, табиат жана экотуризм, археология, денсоолук жана термалдык туризм, гастрономия, конгресс жана көргөзмө туризми, круиз жана кышкы туризмсыяктуу багыттарда кеңири өнүгүп жатканын баса белгиледи.

“Келечек үчүн мурас” концепциясынын алкагындаишке ашырылып жаткан долбоорлор жана Түнкү музейлер демилгеси Түркияны маданий мурасты сактоо жанатаанытуу жаатында дүйнөдөгү алдыңкы мисалдардынбирине айлантты.

Кыргызстан рыногунда да туруктуу өсүү байкалууда

2025-жылы Кыргызстан тараптан Түркияга барган туристтердин саны 2024-жылга салыштырмалуу 8 пайызга өсүп, 199 280 адамга жетти. Бул көрсөткүч Түркиянын кыргыз туристтери үчүн ишенимдүү, популярдуу жана ар тараптуу туристтик багыт бойдон калып жатканын дагы бир ирет тастыктайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: