Өлкөдө былтыр канча кырсык катталып, канча жаран каза тапты?
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 2025-жылдын жыйынтыгы чыгарылганын кабарлады.
Маалымдалгандай, былтыр 14 өзгөчө кырдаал катталып, 32 адам каза болгон. Материалдык чыгымы 60 миллион 252 миң сомду түзгөн. 2024-жылга салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдардын кесепеттери кыйла азайган.
Ал эми кырсыктардын жалпы саны 4429 түзүп, 2024-жылы менен салыштырмалуу 16 пайызга көбөйгөн. Кырсыктарда 313 адамдын өмүрү кыйылган, материалдык чыгым 2 миллиард 30 миллион сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 2 эсеге көбөйгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















