Депутат Аманова батирлердин баасын төмөндөтүүнүн жолдорун атады
Жогорку Кеңештин депутаты Бурун Аманова Бишкектеги батир баасын арзандатуунун жолдорун караштырууну суранып, өзү бир катар сунуштарды айтты.
Ал бүгүн, 5-февралдагы парламенттин жыйынында элди акчасын кыймылсыз мүлктөн башка нерселерге салууга үндөш керектигин билдирди. Эл өкүлү ошондой эле курулуш компанияларын батирди ички жасалгалоосун толук бүткөрүп туруп сатууга милдеттендирүү керек дейт.
"Анткени ортомчулар оңдоосу бүтө элек батирлерди сатып алышып, ички жасалгалоосун бүтүрүп, анан кайра кымбат баада сатышат. Бул баанын өсүшүнө себеп деген ойдомун. Анан акчасын сактап калууну көздөгөндөр 10-20дан батир алып, аны бааны көтөрүп сатышат же ижарага беришет. Элди кыймылсыз мүлктөн башка нукка да акчасын салууга үндөш керек. Мисалы, азыр биткоиндер рынокко чыгып жатат",- деди Аманова.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев жарандардын көп батир алуусуна чектөө коюуга мыйзам жол бербестигин, курулуш компанияларынын сатуусуна да тыюуларды салуу мүмкүн эместигин айтты. Ал ошондой эл өкүлү белгилеген көйгөйлөр бар экенине токтолуп, анын баарын көзөмөлдөө мүмкүн эместигин кошумчалады.
Депутат Аманова батирлердин баасын төмөндөтүүнүн жолдорун атады
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















