super.kg logo

Министрлер кабинети Бишкектеги ыштын негизи себебин атады (видео) 

 

Бүгүн, 5-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Бишкек шаарындагы ыш маселесинин негизги себебин атады.

Анын айтымында, алдыда ыш көйгөйүн чечүү үчүн көмүр тазалоочу эки фабрика курулат.

"Ыш маселесин чечүү үчүн бир топ иштер жүрүүдө. Былтыр Бишкек шаарына эле 100дөн ашык электроавтобустар алынып келди. Алардын баары экологияга зыян келтирбейт, газ менен жүрөт. Ыштын эң негизги себеби - сапатсыз көмүр жагуу болуп жатат. Бул боюнча президентибиздин фондунун акча каражат бөлүндү, ага көмүр тазалоочу эки фабрика курулат. Ошол фабрикадан чыккан көмүрлөрдү гана жагууга уруксат беребиз. Ал эми баасын караштырабыз. Маселе буюрса жакын арада жакшы жакка чечилет",- деди Амангелдиев.






Министрлер кабинети Бишкектеги ыштын негизи себебин атады

Министрлер кабинети Бишкектеги ыштын негизи себебин атады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: