Эл аралык каттамдар үчүн сатылып алына турган учактардын жаңы дизайны тааныштырылды
"Кыргызстан аэропорттору" ишканасы жана мамлекеттик "Asman Airlines" авиакомпаниясы бир жыл ичинде сатып алуу пландалган, эл аралык каттамдарды аткарууга арналган Airbus A321 учактары үчүн жаңы фирмалык дизайнды расмий түрдө сунуштады. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасы кабарлады.
Маалым болгондой, дизайнда көк асман, алдыга умтулууну жана Кыргызстандын дүйнө менен байланышын символдоштурган элементтер колдонулган.
"Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын төрагасы Манасбек Самидинов жаңы дизайндагы A321 учактарынын ишке кириши өлкөнүн жарандык авиациясынын тарыхындагы маанилүү этап болорун белгиледи.
"Учактaрды сатып алуу жана эл аралык маршруттарды ишке киргизүү жүргүнчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, туризмдин жана ишкердик байланыштардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Ошондой эле бул кадам Кыргызстандын авиациясынын аброюн чыңдайт", - деп белгиленген маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















