Депутат Талиева: "Бизде рак боюнча медицина комада" (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева парламент жыйынында өкмөт мүчөлөрүнөн онкология ооруларына байланыштуу кандай алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын сурады.
Депутат 5-февралдагы жыйында билдиргендей, 2015-жылы рак боюнча жылына 5 миң адам каза болсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 6 миң адамга жеткен.
"Бизде алдын алуу иш-чаралары барбы? Бизде рак боюнча медицина комада. Жаңы келген министрден үмүтүм чоң болуп жатат. Профилактика иштери боюнча жооп берип койгулачы?",- деди эл өкүлү.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев бул боюнча системдүү түрдө иштер аткарылып келгенин белгиледи.
"Азыр убакта бул багытта акча каражаты беш эсе көбөйтүлүп берилген. Андан тышкары, онкология ооруларына өзгөчө көңүл бурулган. Азыр "Росатом" мамлекеттик корпорациясы менен кошо ядролук медицина боюнча келишим түзүп, келерки жылы өлкөдө Борбор Азияда биринчи жолу Ядролук медицина борбору курулганы турат",- дейт Амангелдиев.
Эске салсак, 2025-жылдын сентябрь айында министрлер кабинети Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында Ядролук медицина борборун түзүү чечимин кабыл алганы кабарланган.
Депутат онкология боюнча айтты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















