super.kg logo

Кыргызстанда заманбап реабилитациялык шаарча курулат

 

Арчалы айылында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн заманбап реабилитациялык шаарча курулат. Бул тууралуу 5-февралда Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, балдарга реабилитациялык жардам көрсөтүү системин өнүктүрүү максатында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча иштеп жаткан "Максат" реабилитациялык борборунун базасында реабилитология боюнча билим берүүчү жана илимий-усулдук функциялары бар заманбап реабилитациялык шаарчаны куруу пландалууда.

Долбоорду ишке ашырууга даярдык көрүүнүн алкагында саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов аталган борборго барып, аймак менен таанышты.

Долбоор балдардын церебралдык шал оорусу, аутизм спектринин бузулуусу, Даун синдрому, өнүгүүнүн кечигүүсү жана башка ден соолукка байланышкан бузулуулар менен жабыркаган балдарга комплекстүү жардам көрсөтүүчү реабилитациялык шаарчаны түзүүгө багытталган.

Шаарчанын курамына стационардык, амбулатордук жана күндүзгү реабилитация үчүн адистештирилген борборлор жана бөлүмдөр, АСБ жана Даун синдрому менен ооруган балдар үчүн коррекциялык борбор, БЦШО менен жабыркаган балдар үчүн 150 орундуу заманбап борбор, ата-энелер жана медициналык кызматкерлер үчүн жатакана, ошондой эле билим берүүчү жана усулдук блок кирет.

Мындан тышкары реабилитация залдары, гидротерапия үчүн бассейн, физикалык терапия жана кинезотерапия бөлүмү, массаж жана физиотерапия кабинеттери, сенсордук интеграция, эрготерапия, логопедия жана психология кабинеттери, функционалдык жана ультраүндүк диагностика бөлмөлөрү каралат. Мындан тышкары ат менен өз ара аракеттенүүгө негизделген иппотерапия элементтери да камтылат.

Шаарчадагы ишмердүүлүк далилдүү медицина принциптерине негизделип, көп тармактуу ыкмага жана үй-бүлөнүн активдүү катышуусу менен ишке ашырылат. Ошондой эле реабилитология тармагындагы адистерди даярдоого жана алардын квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат.

Долбоор медициналык реабилитацияны өнүктүрүү жана кадрларды даярдоо боюнча мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарына шайкеш келип, өлкөнүн региондорунда мындан ары жайылтуу үчүн үлгү катары каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: