super.kg logo

Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөр кандай нукта жүрүүдө?

 

Абу-Даби шаарында Украинадагы кагылышууларды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр буга чейинки жолугушууларга салыштырмалуу көбүрөөк ишкерлик маанайга окшош болуп жатат. Бул тууралуу ТАСС агенттиги булактарына таянып жазып чыкты.

"Албетте, пикир келишпестиктер жок эмес. Бирок бул жолугушуулар буга чейин болгон бардык жолугушууларга караганда көбүрөөк ишкерлик мүнөздө",- деп билдирген агенттик.

Маалыматка караганда, Орусия Донбассты бардык өлкөлөр тарабынан таануу маселесин Украина боюнча "чоң келишимдин" бир бөлүгү катары карайт. Москва үчүн бул маселе принципиалдуу мааниге ээ.

Мурда Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Орусия, АКШ жана Украина өкүлдөрүнүн Абу-Даби шаарында сүйлөшүүлөрү уланууда деп билдирген, бирок натыйжаларды алдын ала айтууга эрте экенин белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: