super.kg logo
  Саясат  

Депутат Таластагы кургак учук ооруканасын көчүрүүнү сунуштады

 

Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекова парламенттин 5-февралдагы жыйынында Таластагы кургак учук ооруканасын башка аймакка көчүрүүнү сунуштады.

Анын маалыматына ылайык, кургак учук ооруканасы Талас шаарынын борборунан орун алган.

"Оорукана канализацияга кошулган эмес. Өзүнүн септиги бар. Ошол эле ооруканага 50 метр жетпей №9 мектеп орун алган. Бул жерге кайра жаңы мектеп салынганы турат. Ал жердеги септиктен чыккан саркынды сууларды сордуруп алып, унаа менен биологиялык прудга ачык алып барып төгүшөт. Ошол биопруддан 500 метр ылдый жакта Жаштык деген конуш орун алган. Ал жерде 500дөн ашык түтүн жашайт. Алар 6 метрден суу чыгарып алып, ичишет. Бул келечекте биз үчүн чоң көйгөй болот. Бул кургак учук ооруканасын көчүрүү боюнча ишти колго алсаңыз жакшы болмок", - деген депутат саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетовго кайрылып.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: