Адылбек Касымалиев БАЭнин Emirates News мамлекеттик маалымат агенттигине маек берди
Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында БАЭнин Emirates News мамлекеттик маалымат агенттигине маек берди. Бул тууралуу 5-февралда Министрлер кабинетинен билдирди.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчы саммиттин маанилүүлүгүн, Кыргызстандын стратегиялык артыкчылыктарын, өнүгүүнүн негизги багыттарын, кыргыз-эмират өнөктөштүгүнүн келечеги тууралуу айтып берди.
"Кыргызстан учурда эл аралык коомчулукка экономикалык өсүштөгү өзүнүн далилденген эффективдүү моделин сунуштап жатат. Буга байланыштуу ал Дубайда өткөн Кыргызстандын экономикалык өсүүсүндөгү “Ак илбирстин” модели: өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар аттуу биринчи жолу өткөрүлгөн кошумча иш-чараны эске салып, ал өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын иш жүзүндө чагылдырылышы болду", - деп билдирет Касымалиев.
Ошондой эле мамлекеттик кызматтын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча аткарылып жаткан иш-чараларга токтолду.
Өкмөт башчы Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстан үчүн ишенимдүү жана стратегиялык маанилүү өнөктөш экенин белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















