Ленин районунда "Балдар эмгеги" жана "Селсаяк" аттуу рейддик иш-чаралар өткөрүлдү
Ленин районунун аймагында "Балдар эмгеги" жана "Селсаяк" аттуу профилактикалык акциялардын алкагында рейддик иш-чаралар уюштурулду. Иш-чаралар Ленин райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан райондук ички иштер башкармалыгы жана башка тиешелүү кызматтар менен биргеликте өткөрүлдү.
Мэриядан билдиришкендей, рейддердин негизги максаты – балдарды эмгектин эң начар формаларына тартуунун алдын алуу, мындай көрүнүштөргө бөгөт коюу, иштеп жаткан балдарды аныктоо, ошондой эле чоңдордун көзөмөлүсүз калган жана кайыр сурап жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо болуп саналат.
Иш-чаралардын жыйынтыгында жалпысынан 18 жашы жете элек бала аныкталды. Алардын ичинен:
– 11 бала түнкү убакта коомдук жайларда мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосуз жүргөн;
– 7 жашы жете элек өспүрүм окуу процессинен тышкары, күндүзгү убакта иш орундарында табылган.
Бардык аныкталган балдар ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн көзөмөлүнө өткөрүлүп берилди.
Мындан тышкары шаардын башка райондорунда жашаган 6 жашы жете элек өспүрүм боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн жашаган жери боюнча расмий каттар жөнөтүлдү.
Ленин районунда жашаган 12 жашы жете элек өспүрүм жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен түшүндүрүү жана профилактикалык мүнөздөгү маектер өткөрүлдү.
Белгиленгендей, бул багыттагы профилактикалык иш-чаралар мындан ары да улантылат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















