Камчыбек Ташиев жаңы спорт комплексинин ачылышына катышты
Бүгүн, 5-февралда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин базасында курулган жаңы спорт комплексинин, ошондой эле капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн жатакана, мечит жана тарбия корпусунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спорттук колледж 7,6 гектар аянтты ээлейт. Анда окуу корпусу, ашкана, эки спорт комплекси, жабык бассейн, гимнастика жана күрөш залдары, эки футбол аянтчасы, ошондой эле эки жатакана жайгашкан.
Ачылышта сүйлөгөн сөзүндө Камчыбек Ташиев спорт өлкөнүн келечеги экенин белгилеп, жаштарды колдоого алуу жана спортчулар үчүн заманбап шарттарды түзүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты.
Жаңы спорт комплексинде спорт менен машыгууга, билим алууга жана ар тараптуу өнүгүүгө бардык шарттар каралган. Комплекстин курамына күрөш залы, көрүүчүлөр үчүн трибуналар, фудкорт, жатакана, конференц-зал, окуу-машыгуу жана жыйын өткөрүүгө арналган кошумча бөлмөлөр кирет.
Күрөш залы заманбап килемдер жана грек-рим жана эркин күрөш үчүн зарыл болгон жабдуулар менен камсыздалган. Бул жерде спортчулар машыгып, жыйындарды өткөрүп, улуттук жана эл аралык мелдештерге даярдана алышат. Ошондой эле комплексте машыгуу залдары, бир нече спорттук бөлмөлөр жана жалпы физикалык даярдык үчүн кардиозона каралган. Колледждин аймагында кошумча мечит да курулган.
Белгилей кетсек, окуу жай 1971-жылы балдар үйүнүн базасында Н. Крупская атындагы спорт адистиги боюнча республикалык жалпы билим берүүчү спорт мектеп-интернат катары негизделген. 2000-жылы ага белгилүү спорт ишмери Шералы Сыдыковдун ысымы ыйгарылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















