Адылбек Касымалиевдин Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумушчу сапары аяктады
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумушчу сапары ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин (World Governments Summit) ачылыш аземине катышты. Алгач саммиттин алкагында “Кыргызстандын экономикалык өсүшү “Ак илбирстин” моделинде: өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар” аттуу кошумча иш-чара өткөрүлдү. Ага Адылбек Касымалиев, БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль-Мазруи, ошондой эле Эмираттардын жана чет элдик уюмдардын, бизнес компаниялардын жетекчилери катышты.
Мындан тышкары Касымалиев жумуш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Алардын арасында:
• БАЭнин вице-президенти, премьер-министрдин орун басары шейх Мансур бин Заед Аль Нахайян,
• БАЭнин вице-премьер-министри, ички иштер министри Сейф бин Заед Аль Нахайян,
• Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мохаммед Сейф Аль-Сувейди,
• “Emirates Investment Authority” суверендүү инвестициялык фондунун аткаруучу директору Мохаммед Хамад Аль-Мехайр,
• БАЭнин энергетика министри Сухейл Аль-Мазруи,
• “Masdar” компаниясынын аткаруучу директору Мохаммед Жамиль Аль-Рамахи.
Саммиттин алкагында Адылбек Касымалиев президент Садыр Жапаровдун атынан БАЭнин Министрлер кабинетинин иштер боюнча министри, Дүйнөлүк өкмөттөр саммити уюмунун төргасы Мохаммед Абдулла Аль Гергавиге Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы үчүн жана Кыргыз Республикасында “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн “Достук” орденин тапшырды.
Ошондой эле Касымалиев Epos Water Production LLC ишканасына барды, бул ишкана Кыргызстандын жарандары тарабынан негизделген жана Epos маркасы менен бөтөлкөдө суу чыгарат.
Иш сапардын алкагында Адылбек Касымалиев БАЭнин Emirates News (WAM) мамлекеттик маалымат агенттигине маек берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















