super.kg logo

Свердлов районунда мамлекеттик тил мыйзамдарынын сакталышы талкууланды

 

Бүгүн, 5-февраль күнү Свердлов районунда калкты тейлөө борборлору, калкты жарандык абалдын актыларын каттоо мекемелери, ири соода борборлору, оюн-зоок жана эс алуу борборлору, сулуулук салондору, банктар, базарлар, кафе-ресторандар, тез тамактануучу жайлар, мейманканалар, спорт комплекстери, кинотеатрлар, типографиялар жана дүкөндөрдүн жетекчилери жана расмий өкүлдөрүнүн катышуусу менен жыйын өткөрүлдү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, иш-чарага Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, бөлүм башчысы Алмагүл Телекманова, жетектөөчү адис Айнура Сооронбаева, талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Гүлнур Капарова, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова катышты.

Жыйындын жүрүшүндө калкка кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө мамлекеттик тилди кеңири колдонуу, жарнамаларды жана тейлөө кызматтарын мыйзамга ылайык жүргүзүү, ошондой эле жарнамалардагы тексттерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу зарылдыгы талкууланды.

Катышуучуларга кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө мамлекеттик тилдин ролун жогорулатуу боюнча практикалык сунуштар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: