super.kg logo

Жолдорду булгаганы үчүн курулуш компаниялары жоопкерчиликке тартылышты

 

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы Бишкек –“Манас” эл аралык аэропортуна кеткен трассанын боюндагы инфраструктуралык объекттердин курулушу учурунда жолдун санитардык абалынын сакталышына көзөмөл жүргүзүүдө.

Мэриядан билдиришкендей, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө курулуш иштерине тартылган техника тарабынан топуракты жолдун ортосуна чыгарып койгон фактылары аныкталган.

"МЭНС ЖЧКсы компаниясынын курулуш аянтчасында дөңгөлөк жуучу пункт өз багыты боюнча колдонулган эмес. Буга чейин берилген көрктөндүрүү эрежелерин сактоо тууралуу талап белгиленген мөөнөттө аткарылган жок. Ушуга байланыштуу компанияга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлдү. Мындан тышкары жолдун булганышын алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында участокту бетон менен каптоо боюнча кайрадан талап коюлду.

Манас Моторс” ЖЧК компаниясынын объектисинде дөңгөлөк жуучу пункт жок. Компанияга үч күндүн ичинде эстакада жана трансбой орнотуу тууралуу талап коюлду. Талап аткарылбаган учурда колдонуудагы мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт”, - деп жазылган маалыматта.

Муниципалдык инспекция бардык курулуш компаниялары курулуш аянтчаларынан чыккан жерлердин жана ага чектеш аймактардын тазалыгын туруктуу негизде камсыз кылууга милдеттүү экенин эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: